Көлгө эс алууга кетип каза болгон жигиттин агасы бийликке кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада мушташтан кийин көз жумган 24 жаштагы Алтынбектин агасы президент менен УКМК жетекчисинен ишти көзөмөлгө алууну суранды.
Анын айтымында, 15-августта пансионаттардын биринин аймагында Алтынбек, кесиптештери жана эс алуу жайынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, Алтынбекти катуу нерсе менен башка чабышкан.
Агасы инисин аман алып калууга болмоктугун, бирок укук коргоо кызматкерлери менен медиктердин көңүл коштугунан ал таңга жуук көз жумганын айткан. Каза болгон жигиттин келинчеги кош бойлуу экени белгиленди.
Маркумдун келинчеги социалдык тармакка коомчулукту кайдыгер калтырбай турган постун жазган.
Милиция окуя болгон жерден таяк табылып, тергөө башталганын, шектүү катары 14, 17 жана 19 жаштагы үч бала кармалып, эки айга камакка алынганын кабарлады.
Ысык-Атада 22 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн адам 14 жылга кесилди