24 жаштагы Алтынбектин өлүмү. Саламаттык сактоо министрлигинде комиссия түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада мушташтан кийин көз жумган 24 жаштагы Алтынбек Абдыжапаровдун өлүмү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Анда кесипкөй адистерден турган комиссия жигиттин өлүмүнүн себебин иликтей турганы айтылат. Жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин билдиришти.
Буга чейин Ысык-Көл облустук милициясы окуя болгондон кийин Алтынбек Абдыжапаров арыз жазуудан баш тартканын кабарлаган. Ал эми агасы кайрылуу жолдоп, бийликтен ишти көзөмөлгө алууну өтүнгөн болчу. Маркумдун жакындарынын айтымында, Алтынбекти аман алып калууга болмок, бирок дарыгерлер бейтапка көңүл кош мамиле жасаган. Милиция тергөөнүн жыйынтыгы менен медиктердин аракетине да юридикалык баа берилерин кошумчалаган.
Көлгө эс алууга кетип каза болгон жигиттин агасы бийликке кайрылды