Убагында уктоо — узак жашоонун сыры. Уйкунун жетишсиздиги организмге кандай таасир берет?

Sputnik
Уйкунун сапаты жана убактысы ден соолук үчүн абдан маанилүү. Адистердин айтымында, бой жеткен адам күнүнө орточо 7-9 саат укташы керек. Эгер адам түнкү саат 11ден кийин уктап, таңга чейин жетишсиз эс алса, мээ толук калыбына келе албай калат. Бул эс тутумдун начарлашына, көңүл буруунун төмөндөшүнө жана стресске алып келет. Туура эмес уктоо гормоналдык балансты бузуп, инсулиндин деңгээлин өзгөртөт. Бул болсо 2-тип диабетке себепболушу мүмкүн. Андан тышкары, уйкунун тартыштыгы организмде “ачкачылык гормону”– грелиндин көбөйүшүнө алып келип, адам көп жеп, тез семирет. Күндүн белгилүү бир убагында жатып, туруктуу режимди сактоо жүрөк ооруларынын алдын алып, иммунитетти бекемдейт.
Ошондуктан, туура жана жетиштүү уйку ден соолукту узак жылдарга сактоонун эң жөнөкөй, бирок эң таасирдүү жолу. Бул тууралуу “Көз мончок”программасынан тыңдаңыздар.