БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский Крымдан жана Украинаны НАТОго киргизүү оюнан баш тартып, жаңжалды дароо токтото алат. Бул тууралуу АКШ лидери Truth Social социалдык тармагына жазганын РИА Новости кабарлады.
"Зеленский Россия менен болгон согушту кааласа бүгүн эле токтото алат, жаңжалды уланта да бере алат. Тирешүү эмне болуп башталганын эстейличи. Обама берип койгон (12 жыл мурун, бир да ок атылбай) Крым кайтарылбайт жана Украинанын НАТОго кирүүсү мүмкүн эмес. Айрым нерселер эч качан өзгөрбөйт", — деп жазган АКШ лидери.
Трамп менен Путиндин жолугушуусу
Эскерте кетсек, ишембиге караган түнү АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия башчысы Владимир Путин Аляскада жолугуп, үч саатка чукул сүйлөшүшкөн. Тараптар Украина көйгөйүн жөнгө салуу жаатында иштөөгө даярдыгын билдиришти. Трамптын айтымында, анык бир макулдашуу боло элек, бирок эпке келүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. АКШ лидери Зеленскийди Россия менен бир пикирге келүүгө чакырып, тынчтыктын орноор-орнобосу Киев режиминин жетекчиси менен Европа мамлекеттеринен көз каранды экенин белгилеген.
РФ лидери Владимир Путин өз кезегинде Аляскадагы жолугушуу керектүү чечимдердин кабыл алынышын жакындатып бергенине токтолгон болчу.
Жолугушууда, мындан тышкары, бир катар тармактарда кызматташууну жандантуу тууралуу сөз болгон.
Дүйшөмбү күнү Вашингтондо Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу болору айтылды.