Россиялык дарыгерлер студенттерге лекция окуп, бейтаптарга кеп-кеңеш берет

Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 18-22-август аралыгында Россиядан келген дарыгерлер медициналык окуу жайлардын студенттери үчүн мастер-класстарды өтүп, лекция окуйт, мындан тышкары, тегерек столдорго катышып, бейтаптарды кабыл алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Анда Россиянын "РЖД-Медицина" клиникалар тармагынан келген алты жогорку квалификациялуу дарыгер иш алып барары айтылат. Медиктер Россотрудничество ишке ашырып жаткан эл аралык "Жакшылык Миссиясы" ыктыярдуу программасынын алкагында келишкен.
1 / 4

18-22-август аралыгында Россиядан келген дарыгерлер медициналык окуу жайлардын студенттери үчүн мастер-класстарды өтүп, лекция окуйт, мындан тышкары, тегерек столдорго катышып, бейтаптарды кабыл алышат

2 / 4

Анда Россиянын "РЖД-Медицина" клиникалар тармагынан келген алты жогорку квалификациялуу дарыгер иш алып барары айтылат

3 / 4

Медиктер Россотрудничество ишке ашырып жаткан эл аралык "Жакшылык Миссиясы" ыктыярдуу программасынын алкагында келишкен

4 / 4

Ар бир дарыгер өзүнчө клиникалык базага бекитилгени кошумчаланды

"Дарыгерлер Москва, Красноярск, Самара жана Чита шаарларынан келди. Алардын арасында уролог, жүрөк-кан тамыр хирургу, кардиолог, акушер-гинеколог, нефролог жана травматолог-ортопед бар", — деп айтылат маалыматта.
Ар бир дарыгер өзүнчө клиникалык базага бекитилгени кошумчаланды.
Кыргызстандыктар "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун алкагында окуудан өттү