БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди, орто медициналык кызматкерлерди жана башка адистерди жумушка чакырган билдирүү таратты.
Анда шаарлардан тартып алыскы райондорго чейин ондогон бош кызмат орундары бар экени айтылат.
Иштейм дегендер үчүн төмөнкүдөй колдоо жана стимул берүү чаралары сунушталды:
алыскы райондор, чакан шаарлар жана айыл жергесиндеги медициналык уюмдарга жиберилген адистерге (педиатр, неонатолог, жалпы хирург, анестезиолог-реаниматолог) ай сайын 20 000 сом компенсация;
Бишкек жана Ош шаарларындагы Тез жардам кызматынын дарыгерлерине 20 000 сом компенсация;
аймактарда ординатурадан же интернатурадан өтүүнү каалаган жаш дарыгерлерге 20 000 сом стипендия;
алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде иштеген дарыгерлерге ар квартал сайын 66 000 сом кошумча төлөм;
эл аралык талаптарга ылайык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары;
кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү жана социалдык кепилдик.
Бош кызмат орундарынын толук тизмеси жана адистер бөлүмүнүн байланыш маалыматтары менен да тааныша аласыз.