БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы украиналык атайын кызматтардын Крым көпүрөсүндө жардыруу уюштуруу боюнча жаңы аракетин алдын алганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мекеменин маалыматы боюнча, кубаттуулугу жогору жардыргыч затты автоунаага катып, рулга ал тууралуу кабары жок "жан кечтини" отургузууну пландашкан. Колго жасалган бомбаны Россияга алып кирүүгө тиешеси бар бардык адамдар кармалган.
"Колго жасалган чоң кубаттуулуктагы жардыргыч зат автомашинага орнотулуп, Украинадан Россия Федерациясына бир катар өлкөлөр аркылуу транзит менен келгени аныкталды. Ал Түндүк Осетия — Алания Республикасындагы "Жогорку Ларс" эл аралык өткөрүү пунктунан Россия-Грузия чек арасын кесип өтүп, жеке айдоочу башкарган автовоз менен Краснодар крайына барышы керек болчу", — деп айтылат маалыматта.
ФСБ билдиргендей, кийинчерээк бомба салынган транспортту башка айдоочуга өткөрүп берүү пландалган. Ал Крым көпүрөсү аркылуу Крымга барып, өзү билбей туруп террорист-жан кечтиге айланмак.
"Украин террористтеринин бардык амалдарына карабастан Россиянын ФСБ кызматкерлери алардын пландарын өз убагында ачып, "Шевроле Вольт" автомашинасына кылдаттык менен катылган жардыруучу түзүлүштү таап, зыянсыздандырды. Ошондой эле аны РФ аймагына жеткирүүгө тиешеси бар бардык адамдар кармалды", — деп белгилешти кызматтан.
Иш козголуп, кылмышка тиешеси бар бардык уюштуруучулар жана катышуучулар жоопкерчиликке тартылат.
Бул — Киев режиминин жыл ичинде Крым көпүрөсүндө диверсия жасоо үчүн ири көлөмдөгү жардыргыч зат салынган унааны колдонуу аракетинин экинчи учуру. 2-апрелде Беларустун күч органдары Брест бажысында жарым тоннадан ашык синтетикалык жардыргыч зат жүктөлгөн кичи автобусту кармашкан.
ФСБ даярдалып жаткан кылмышты уюштургандардын шериктери, айдоочусу да кармалганын билдирди. Ал айдоочу дагы "жан кечти" болгону жатканын билген эмес.