19-августка карата аба ырайы

19-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 19-август, шейшембиде, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Баткенде +28...+33, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жергесинде +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +21...+26 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +29...+31, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +21...+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысыктын илеби кайтабы? Бир жумага карата аба ырайы