БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийге, Европа лидерлерине россиялык кесиптеши Владимир Путин, Зеленский катышкан үч тараптуу жолугушууну 22-августта өткөрүүнү мерчемдеп жатканын билдирди. Бул туурасында РИА Новости Axios басылмасына таянып кабарлады.
"Ал Аляскадагы саммиттен кийин европалык лидерлерге телефон чалып, Путин, Зеленский катышкан үч тараптуу жолугууну уюштурууну пландап жатканын айтты", — деп жазылган маалыматта.
Дүйшөмбү күнү Ак үйдө Трамп менен Зеленскийдин жана ЕБ өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтмөкчү.
Ишембиге караган түнү Путин менен Трамп Аляскадагы Эльмендорф-Ричардсон аскер базасында жолугуп, 2 саат 45 мүнөт сүйлөшкөн. Ага президенттерден сырткары РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров менен Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков да катышкан.
Саясатчылар биргелешип иш алып барууга багытталган көп тармактар бар экенин айтышкан.
Путин кесиптешине чакырганы үчүн ыраазылык билдирип, океан бөлүп турганына карабастан Россия менен АКШнын коңшулаш жайгашканын белгиледи. Президенттер Украинадагы согушту токтотуу боюнча иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришкен. Трамптын айтымында, кырдаалды жөнгө салуунун маанилүү пунктулары боюнча макулдашуу али жок, бирок келишимге жетишүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.
Ак үйдүн башчысы кийинки жолугушуу Москвада өтүшү ыктымалдыгын айткан.