Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Зеленский Россия менен эпке келиши керектигин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский жаңжалды токтотуу боюнча Россия менен эпке келиши керек. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Колубуздан келер-келбесин билгим келип жатат. Келишим азырынча даяр эмес. Бирок Украина макул болушу керек... Зеленский макул болушу керек", — деген өлкө башчы.
Трамп дагы эмнелерге токтолду:
Киев режиминин башчысы Россия менен жаңжалдашып көп нерседен кур жалак калууда;
тынчтыктын орноор-орнобосу Зеленский менен Европа мамлекеттеринин аракетине жараша болот;
Трамп Москва менен Украина боюнча келишим түзүүгө жакын калды деген пикирде;
АКШ лидери президент Владимир Путиндин тынчтык орнотууга ниети бар экенин көрүп турат;
Россиянын өзөктүк потенциалы менен эсептешпей коюуга болбойт.
Белгилей кетсек, буга чейин Аляскада Путин менен Трамптын жолугушуусу болуп өттү. Лидерлер Анкоридждеги Эльмендорф-Ричардсон аскердик базасында кезикти. Тараптар "үчкө үч" форматында үч саатка чукул сүйлөшүшкөн.
Бул — Россия менен АКШ лидерлеринин 10 жылдан берки алгачкы жолугушуусу. Бүтүндөй дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган окуядан кийин лидерлер чогуу маалымат жыйын өткөрүп, сүйлөшүү конструктивдүү маанайда, мазмундуу болгонун айтышты.
Путин менен Трамптын Аляскада жасаган билдирүүсү. Урунттуу учурлар