БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Австриянын мурдагы тышкы иштер министри Карин Кнайсль Россия, АКШ лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамптын Аляскада жолуккандагы кол алышуусу "чын дилден" болду деп сыпаттады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Кнайсль Россия менен АКШ президенттеринин жолукканы өлкөлөр ортосундагы ишенимди арттырып, Москва менен Вашингтондун мамилесиндеги жаңы баракты ачып берет деген үмүтүн билдирген.
"Эки президент тең Анкорижге ийгиликтүү конду. Биринчи кол алышуу чын дилден болгондой туюлду. Владимир Владимировичтин англисче сүйлөгөнү жакшы болду. Жолугушуу түптүү, ишенимди арттырган, жаңы барак ачкан жолугушуулардан болсун!" — деген Австриянын мурдагы ТИМ жетекчиси өзүнүн Telegram каналында.
Дүйнөлүк басылмалар эки лидердин кол алышуусунун сүрөттөрүн биринчи беттеринде жарыялап жатат.