БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. 17-август, жекшембиде, күндүз тоолуу райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас, Нарын аймактарында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен болустарында +27...+32, Ысык-Көл өрөөнүндө +22...+27 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +29...+31, Чолпон-Атада +24...+26 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.