Экинчи дүйнөлүк согушта Япония менен согушкан кыргыздар. Видео

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда япон жазалоочулары фашисттик кылмышкерлерден кем калбаган мыкаачылык көрсөтүшкөн. Германияны жеңгенден кийин көптөгөн советтик жоокерлерди Манжурияга жиберишкен. Ал жерде Японияга каршы операцияга даярдык жүрүп жаткан.
Sputnik
Оккупация болгон Манжурияда япондор "731-отрядды" түзүп, адамдарга үрөй учурган эксперименттерди жасашкан. Аларга кара тумоо, холера, ич келте ооруларын жугузуп, тирүүлөй тоңдуруп, наркоз сайбай операция кылышкан. Миңдеген кытайлар, корейлер, советтик жарандар жана аскер туткундары курман болгон.
Японияга каршы операцияга кыргызстандыктар да катышкан. Алардын арасында бүтүндөй согуштан өтүп, Москваны коргоого катышкан Самаркул Акылбеков жана Кенигсберг үчүн болгон салгылашта эрдик көрсөткөн Апыла Жаманбаев бар. Ал бир тууганы Исмаил экөө болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөтүшкөн.
Япон армиясы үч жуманын ичинде талкаланган. 15-августта император Хирохито багынып берерин жарыялаган. Ал эми 2-сентябрда Япония расмий түрдө багынып берүү актысына кол койгон.