БОСТЕРИ, 13-авг. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуудан Армения көбүрөөк утушта болду. Бул тууралуу "Альтернатива" изилдөө борборунун башчысы Татул Манасерян билдирди.
Ал Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында өтүп жаткан "Кыргызстандын ЕАЭБдеги 10 жылы: жыйынтыктар, көйгөйлөр жана келечек" аталышындагы конференцияда сүйлөгөн. Манасеряндын айтымында, республика уюмдан чыкса ИДПсынын 30-40 пайызын жоготот.
"Биримдикке мүчө болгон жылдан бери Армениянын товар жүгүртүүсү 12 эсе өстү. Жалпы товар жүгүртүүнүн 43 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Евробиримдикке болгону 7,5 пайызы туура келет. Армениянын ЕБге интеграцияланышынын зарылдыгы жок", — деди Манасерян.
Эске салсак, ЕАЭБге Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения мүчө.