Ататүрк паркына үй куруп алгандар менен мэрия эпке келди. Чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ататүрк сейил багына турак жай салып алгандар менен Бишкек мэриясы мунасага келди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, муниципалитет өз чечими менен парктын аянтын 107 гектар деп аныктаган. Муну Конституциялык сот мыйзамдуу деп тапкан. Ошонун негизинде менчик жерлердин маселеси сот аркылуу чечилиши керек болчу.
"Мэрия буга чейин аймактан мыйзамсыз бөлүнгөн жер тилкелерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Процесс жылдап созулушу мүмкүн, ошондуктан эпке келип, үй ээлеринен жалпы 500 миллион сом чогултуу пландалууда. Анын 97 миллиону түштү. Каражат парктарды өнүктүрүүгө жумшалат", — деди Жунушалиев.
Мындан тышкары, парк аймагындагы курулуш жүрбөгөн 5,2 гектар жер сейил бактын карамагына кайтарылды.
Мэрия: Ататүрк паркынын курулушка берилип кеткен 43 гектар жери кайтарылат