Кайда барабыз? "Ош" базарынын соодагерлери Камчыбек Ташиевге кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. "Ош" базарынан көчүрүлө турган соодагерлер УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевге кайрылуу жасашты.
Алар мэриянын кызматкерлери соода орундарын 9-августта бошотуп, чыгып кетүүсүн талап кылганын айтышкан. Андыктан жаңы базар курулуп бүткөнчө убакыт берүүнү же башка нерсе сунуштоону өтүнүшкөн.
"Баарыбызда кредит, карыз бар. Болгон киреше булагыбыз базар болуп жатат", — деген соодагерлердин бири.
Мэрия бул Ала-Арча дарыясынын жээгинен көчүрүлө турган соодагерлер экенин билдирди.
"Ала-Арча дарыясы сегиз айдан бери тазаланып жатат. Анын жээгиндеги соодагерлерге объектилер алынат деп бир нече жолу айтылган. Өткөн жумада соодагерлер менен жолугуп келдик. Азыр алардын дагы сунушун эске алып, жээктеги бир эле катарды алууну карап жатабыз. Анда 2-3 катар калып, 30-40тай соодагерди көчүрүүгө туура келет. Бул боюнча азыр комиссия иштеп жатат. Көчүрүлгөн соодагерлер жумушсуз калбашы үчүн мэриядагы вакансиялардан жумуш сунуштап жатабыз. Ошондой эле мэриянын базардагы павильондору бар, арыз менен кайрылса ал жактан да орун бере алабыз", — деди калаа мэринин орун басары Рамиз Алиев.
Базарларга патент системасы кайтарылды. Дагы кандай жеңилдиктер каралууда?