БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 12-август, шейшембиде, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас аймагында +31...+36, Ош, Жалал-Абад облустарында +34...+39, Баткенде +33...+38, Ысык-Көл өрөөнүндө +27...+32, Нарын чөлкөмүндө +26...+31 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +27...+29 градуска чейин көтөрүлөт.