БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет 11-августтан 17-августка чейин өлкө ичинде аба ырайы кандай болору тууралуу божомолду таратты.
Ага ылайык, апта ичинде күн ачык болуп, бирок кээ күндөрү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.
Бишкек шаары
Борбор шаарда 11-14-августка чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 15- 16-17-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 16...22 градус болсо, кундүз көрсөткүч 33...37 градуска жетет.
Чүй облусу
Облус аймагында 11-12-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-13-14-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Апта соңунда айрым жерлерде жаан жаайт.
Абанын температурасы түнкүсүн 16...22 градуска чейин жылуу болот. Ал эми күндүз көрсөткүч 29...38 градуска чамалап барат.
Талас облусу
11-14-августта аймакта жаан-чачын күтүлбөйт. 15-августта күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 16-17-августта күндүз айрым жерлерде өткүн өтөрү айтылды.
Абанын температурасы Талас шаарында түнкүсүн 13...18 градус, күндүз 29...36 градус ысык болот. Облус аймагында түркүсүн 12...18, күндүз 28...36 градус ысык болот.
Ош облусу
Аймакта аптанын алгачкы күндөрүндө жаан-чачын болбойт. 17-августта күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Апта ичинде Ош шаарында жаан жаабайт.
Абанын температурасы Ош калаасында түнкүсүн 18...24 градус жылуу, күндүз 33...37 градус ысык болот. Ош облусунун өрөөндөрүндө түнү 16...24 градус, күндүз 28...35 градус ысык болот.
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад облусунда 17-августта күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Башка күндөрү дыйканчылык аймактарда жаан болбойт деп болжолдонгон.
Шаарда 11-16-августта жаан-чачын күтүлбөйт, 17-августта күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы 19..23 градус, күндүз 35...38 градус ысык болору айтылды. Облус аймагында күндүн табы күндүз 39 градуска чейин жетет.
Баткен облусу
15-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Башка күндөрү күн ачык болот.
Абанын температурасы Баткен шаарында түнкүсүн 17...20, күндүз 32...36 градус ысык болот. Облуста күндүн табы түнкүсүн 18...24, күндүз 34-39 градус ысык болору болжолдонгон.
Ысык-Көл облусу
Облуста 11-12-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.13-августта күндүз жана 14-15-17-августта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы Каракол шаарында 11...16 градус, күндүз 27...30 градус ысык болот. Облус аймагында түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30 градуска жетери айтылды.
Нарын облусу
Нарында 13-августта жана апта соңунда күндүз айрым райондордо жаан жаайт.
Абанын температурасы Нарын шаарында түнкүсүн 11...14, күндүз 27...32 градусту түзөт. Облус аймагында абанын температурасы түнкүсүн 9...14, күндүз 25...34 градус ысык болот.