БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газа секторун ээлеп алуу чечиминен улам Тель-Авив баштаган ири шаарлардагы нааразылык акцияларына миңдеген киши чыкты. Бул тууралуу Times of Israel гезитине таянуу менен РИА Новости жазды.
“Ишемби күнү кечинде миңдеген адам Израилдин ири шаарларында митингге чыгып, Газаны оккупациялоодон мурда туткунда кармалып тургандар боюнча кепке келип, ок атууну токтотууну талап кылышты. Барымтадагылардын жакындары эгер план ишке ашып кетсе, туткундагы туугандары аман калбайт дешүүдө”, — деп айтылат макалада.
Басылманын маалыматы боюнча, бул акыркы айларда еврей мамлекетинде өткөн эң ири акция: Тель-Авивде эле кеминде 10 миң киши чыкканы айтылууда. Митингдер ондогон шаарды камтыган.
Эскерте кетсек, бейшемби күнү Нетаньяху Газа секторуна көзөмөл орнотуу ниетин билдирген. Анын айтымында, Израиль аны басып албайт, коопсуздукту камсыздап, кийин жаңы өкмөткө өткөрүп бермекчи.
Россия ТИМи мындай пландын кесепети бүтүндөй регион үчүн оор келип, палестин анклавындагы кырдаалды курчутарын эскерткен.
Жакынкы Чыгыштагы абал
Израиль 2023-жылдын 7-октябрында Газа секторунан ХАМАСтын чабуулуна туш болгон;
кыймылдын огунан аскерлер да, жай тургундар да каза таап, 200 киши барымтага алынган. 1,2 миң адам көз жумган;
буга жооп кылып ЦАХАЛ “Темир кылыч” операциясын баштаган;
Тель-Авив Газа секторун толугу менен курчап, суу, электр кубаты, отун, азык-түлүк жана дары-дармектин ташылышы токтогон;
кандуу тирешүү 56 миң палестиналык менен 1,5 миң израилдиктин өмүрүн алды;
жаңжал Ливан менен Йеменге да жайылып, Израль менен Ирандын бири-бирине ракеталык сокку уруусун шарттады.