БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Украина өзүн Россияны алсыздандыруу үчүн пайдаланууга жол берди, эми анын куну оор болот. Бул тууралуу Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо айтканын РИА Новости жазды.
“Украина НАТОго мүчө албасын баары билет. Россияны алсыздандыруу үчүн колдонулганына көпчүлүктүн көзү жетти. Максат ишке ашкан жок, демек, Киев үчүн кесепети оор болот”, — деди Фицо ишемби күнү кайрылуу жасап жатып.
Анын айтымында, азыркы түзүлгөн кырдаал үчүн жоопкерчилик кайсы бир деңгээлде украиналык саясий лидерлердин да мойнунда, анткени Россияны алсыздандырууга Украинаны пайдалануу боюнча Батыштын стратегиясын дал ошолор колдоп келген.
Эскерте кетсек, июлдун соңунда Фицо Батыш Украинаны Россияны алсыздандыруу үчүн колдонуп, бирок максаты ишке ашпай калганын айткан болчу.
Январда Украина боюнча тынчтык макулдашуусуна кол коюу батыш саясатчыларынын кысымы алдында үзгүлтүккө учураганын билдирген. Словакия премьеринин айтымында, натыйжада Украина оор абалга кептелип, “дүйнө жүзүнөн” жардам күтүүгө аргасыз.