Миграциялык мыйзамды бузган деп АКШдан 25 кыргызстандык кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. АКШдан 25 кыргызстандык жаран атайын каттам менен кайтарылганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта мекендештердин Американын миграциялык мыйзамдарын бузганы айтылат.
“Депортация тартибине ылайык, мындай жарандарга АКШга барууга 5, 10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынышы мүмкүн. Өлкөгө мыйзамсыз кайра кирүүгө аракет кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши ыктымал”, — деп айтылат кабарда.
ТИМ АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарын өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырган. Ошондой эле АКШга барууну пландап жаткандарды жогорудагы жагдайларды эске алууга, миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактап, зарыл болгон учурда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине өз убагында кайрылууга үндөдү.
Акыркы мүмкүнчүлүк! ТИМ башчысы “кара тизмедеги” мигранттарга кайрылды