БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бүгүн Нарын аэропортуна Asman Airlines компаниясынын учагы техникалык текшерүү максатында алгачкы каттамын ийгиликтүү жасады. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынан кабарлашты.
Жакын арада бул жакка коммерциялык каттамдар үзгүлтүксүз аткарыла баштай турганы белгиленди.
Нарын аэропорту толук реконструкциядан өтүп, 500 чарчы метрди түзгөн аэробекет жаңы салынган. Учуп-конуу тилкеси толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, асфальт төшөлгөн.