БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Израилдин аскердик-саясий кабинети өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарын ээлөө боюнча чечимин бекитти. Бул туурасында РИА Новости Axios басылмасынын кабарчысы Барак Равидге таянып жазды.
"Израилдик аткаминер мага аскердик-саясий кабинет премьер Нетаньяхунун Газа шаарын оккупациялоо боюнча сунушун колдогондугун билдирди", — деп жазган журналист.
Андан кийин бул билдирүүнү Times of Israel Нетаньяхунун кеңсесине таянып тастыктады. Анда Тель-Авив согуш болбогон жерлердеги жай жарандарга гуманитардык жардам берери айтылган.
Мындан сырткары, еврей мамлекетинин министрлер кабинети палестиналык ХАМАС кыймылы менен согушту токтотуу үчүн алмашуу катары төрт талапты койду:
Газа секторун башкарган уюмду куралсыздандыруу;
50 туткундун бардыгын кайтаруу;
анклавды демилитаризациялоо;
Газа секторунун коопсуздугу администрациясынан башка үчүнчү альтернативалуу өкмөттүн болушу.
Бейшемби күнү Нетаньяху Газа секторунун бүт аймагын көзөмөлгө алуу ниетин билдирген. Бул аркылуу коопсуздук чектерин камсыздап, андан кийин жарым анклавды жаңы жарандык өкмөттүн көзөмөлүнө өткөрүп берерин айтты.
Премьер Израиль Газаны башкарууга умтулбастыгын, болгону "коопсуздук чектерин" белгилеп коюу ниетинде экендигин айткан.