БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиев тогуз жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Ысык-Көл райондук соту чыгарды.
Мамбеталиевге Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча айып тагылган. Жазалар жарым-жартылай кошуу жолу менен бириктирилип, өкүм менен мүлкү конфискацияланып, тогуз жылга кесилди. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт.
Мамбеталиев Рысбек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген айып менен 2024-жылдын августунда УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат аны кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана курал-жарак сактоо боюнча бир катар кылмыштарга шектүү катары колго түшүргөн. Кармалган соң анын 4 миллион долларга бааланган мүлкү мамлекетке кайтарылган.