"1956-жылы Исхак Раззаков өзү башынан аягына чейин катышкан "Кыргыздардын келип чыгуу тарыхы" аталышындагы илимий конференция болгон. Анда илимпоздор "азыркы Кыргызстанда жашап жаткан кыргыздар негизги эки улуттун айкалышынан келип чыккан" деген тыянакка келишкен. Бул Хакасиядан келген калк жана бул жерде жашап турган иран-перс тилдүү элдер. Бирок башка булактарга таянсак, бул жерде түрк тилдүү башка улуттун өкүлдөрү да болгон. Башка окумуштуулардын тобу Хакасиядан кыргыздар түз эле келип калбаганын айтып, ортодо 2000-3000 жыл Алтайга токтоп, жашап, анан азыркы Кыргызстанга жер которгонун белгилешет. Ал эми менин үч жылдан берки изилдеп келе жаткан материалдарым да кыргыздардын хакастар, тувалыктар, шор эли менен окшоштуктары бардыгын, бирок алтайлыктар менен окшоштуктары өтө көп экенин далилдеп жатат. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, учурдагы окшоштуктар бул тамырынын бирдигинен кабар берет эмеспи. Мына ушул изилдөөлөрүм боюнча быйыл Пермде, былтыр Манжурокто да доклад жасап келдим. "Жок, сенин айтканың туура эмес" деген окумуштуулар азырынча боло элек", — деди Асанканов.