БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Чүйдө айыл чарба жерлерин сатууга шектелип А.Сыдыков атындагы айыл аймагынын мурдагы жана учурдагы жергиликтүү депутаттары кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Кечээ Аламүдүн районунун акимчилигинин кайрылуусу менен териштирүү башталган.
"Түзүлгөн мекемелер аралык комиссия А.Сыдыков атындагы айыл аймагынын жеринде №578, 569, 580 контурлардагы айдоо жана жайыт жерлерде мыйзамсыз курулуштарды аныктаган. Кылмыш иши козголуп, айылдык кеңештин айрым депутаттары жана жергиликтүү кызмат адамдары жер тилкелерин сатууга тиешеси бар экени аныкталды. Ошондой эле опузалап акча талап кылуу, документтерди жасалмалоо жана мыйзамсыз курулушка уруксат берүү фактылары катталды", — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектелип 59 жаштагы Ш.И. жана 38 жаштагы А.М. аттуу учурдагы жана мурдагы жергиликтүү депутаттар кармалган.