БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. RT телеканалы Киев алуудан баш тартып койгон украиналык туткун жоокерлердин дайын-дареги камтылган сайтты ишке киргизди. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы, Украина менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан россиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский Telegram каналынан кабарлады.
Кечээ Киев туткундалган украиналык миң аскерин айырбаштоо тизмесинен чыгарып салганы белгилүү болгон. Мединский Киев айрым туткундарын кабыл алуудан баш тартканы үчүн Россия менен Украина ортосунда аскер алмашуунун экинчи этабы татаал болгонун, ал эми үчүнчүсү баштала электигин айткан.
Ошондой эле ал Россия аскерлерин эч качан биринчи, экинчи сорт деп бөлбөгөнүн кошумчалаган.
"Сайт ишке кирди. Ресурстан ар бир туткун тууралуу, башкача айтканда, аты-жөнүн, туулган жылын, ай-күнүн, аскер бөлүгүнүн номерин, наамын табууга болот", — деп жазган Мединский.