Көк-Жардагы курулуштардын буздурулушу: 22 адам кармалып, бешөө камалды

Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Көк-Жар айылынын 172-контурундагы чыр боюнча 22 киши кармалып, бешөө камалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Жолду мыйзамсыз тосуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Беш киши убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, 17 кишиге Укук бузуулар кодексинин "ИИМ кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренеси боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынган.
Эске салсак, аталган аймакта мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери жүрүүдө. Буга жергиликтүүлөр каршылык көрсөтүп, ички жолду тосуп, айрымдарын милиция кармап кеткен.
Ал эми жергиликтүү бийлик аталган контурда коммерциялык объектилер гана бузулуп жатканын белгиледи. Бул жерде жалпысынан 1 089 жер тилкесинин 209унда гана үйлөр курулганы, ал эми 700дөн ашык жер тилкесинде эч нерсе жок экени кошумчаланган.
Чүйдө мыйзамсыз жер сатууга шектелип мурдагы жана азыркы депутаттар кармалды