БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Мугалимдерге жасалма интеллект боюнча курстар өткөрүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлик тиешелүү курсту иштеп чыгып, ustat.edu.gov.kg платформасына жайгаштырган. Анда жасалма интеллект тууралуу негизги түшүнүктөр, колдонуу ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу модулдар камтылган.
"Жасалма интеллект мугалимдин сабакка тезирээк, жеңилирээк жана натыйжалуураак даярданышына, ошондой эле билим берүү контентин жакшыртууга көмөктөшө алат", — деген министрдин орун басары Лира Самыкбаева.
Ал министрлик учурда жасалма интеллектини балдардын саны, социалдык абалы, мугалимдердин дарамети, мектептердин абалы сыяктуу маалыматтарды талдоо максатында колдонуп жатканын кошумчалаган.