БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкектин Көк-Жар айылынын жашоочулары жол тосуп, президент менен жолугушууну талап кылышууда.
Кечээтен бери аталган конуштагы 172-контурдун жашоочуларынын турак жайлары түрттүрүлүп жаткан. Мэрия бул жер айыл чарба багытында болгондуктан, курулуштар мыйзамсыз салынып калганын билдирүүдө.
120дай киши айылдагы ички жолду жаап, аларды милиция кармап кетүүдө.