Кыргызстанда жер титиреп, Жалал-Абадда үйлөрдөн жарака кетти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн саат 19:44тө очогундагы күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.
Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 50 чакырым түндүк-батышты карай, Токтогул шаарынан 63 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Майлуу-Суу шаарында 5 баллга, Жалал-Абадда 4 баллга, Токтогулда 3,5 баллга, Бишкек шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
ӨКМ жер титирөөдөн Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынан эки турак үйдүн, Сузакта Кыз-Көл айыл аймагындагы мектептин спорт залынын дубалдарынан жарака кеткенин белгиледи.
Министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Жалал-Абад облустук башкармалыгына "айгай" жарыяланды.
Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды жеринен билүүгө ыкчам топ тартылганы кошумчаланды.
Камчаткадагы Крашенинников вулканы 600 жылдан бери биринчи жолу атылды