ЖМК: Россияда жашайм деген батыштыктардын саны өсө баштады

Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россияга салттуу баалуулуктарга кызыгып, баш койгон чет элдиктер көбүрөөк көчүп келе баштады. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье швейцариялык Tages Anzeiger басылмасына таянып жазды.
Убактылуу жашап турууга мүмкүнчүлүк берген визага арыз таштагандардын башында Германия турат, сандар менен алсак, 224 адам кайрылган. Андан кийин латвиялыктар (126), америкалыктар (99) арыз берген. Июнь айына карата алсак, салттуу баалуулуктарга кызыккан 1 156 киши Россияда убактылуу жашап туруу үчүн арыз таштаган.
Tages-Anzeiger басылмасы жазгандай, бул программага кызыккандар — Батыштагы либералдык демократиядан өзүн обочо сезген консервативдүү адамдар.
Россияга көчүп келүүгө жардам берген компаниянын жетекчиси Илья Белобрагин басылмага алар кийинки өзгөрүүлөрдөн соң "өз өлкөлөрүн тааный албай калгандар" жана "Батышка ишенимин жоготкондор" экендигин айтып берген. Компания ай сайын жүздөгөн кайрылуу, арыздарды алып турарын жана Батыштан баш тарткандардын саны өсүп жаткандыгын белгилеген.
Россия мындай визаларды 2024-жылдын 1-сентябрында бере баштаган. Анда чет өлкөлүк жарандар, өз өлкөсүнүн саясатына макул эместер туурасында айтылган. Документке ылайык, алар Россияда убактылуу жашоого уруксат ала алышат. Анда өкмөттүн бекиткен квотасы жана орус тилин билүү, өлкөнүн тарыхы менен мыйзамдарынын негиздерин билгенин тастыктаган документ талап кылынбайт.
АКШда ЛГБТ өкүлдөрү менен мектеп окуучуларынын ата-энелери мушташты. Видео