БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Вьетнамда баңгизат аткезчилигине шектелип, издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Шектүү Германияга 670 килограмм героиндин аткезчилигин уюштурганы айтылууда. Аны Кыргызстандын, Вьетнамдын укук коргоочулары жана Интерполдун кызматкерлери катышкан эл аралык операцияда кармашкан.
"2019-жылы Германиянын полициясы халвага жашырылып ташылып бараткан баңгизатты кармашкан. Бишкектеги "Элит Шоко" фирмасыныкы делген жүк Германияга "түрк таттуулары" катары келген. Тергөөнүн жүрүшүндө О.У.Д. аттуу чет өлкөлүк жаран Х.П. жана башка шериктери менен бирге эл аралык кылмыштуу топтун курамында иш жүргүзгөнү аныкталган. Кылмышкерлер афган героининин ири партиясын сатып алып, халва пакеттерине катып, жасалма документтер менен чек арадан өткөрүшкөн", — деп жазылат маалыматта.
Учурда кармалган жаранды Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилип жатканы кошумчаланды.