БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. 5-август, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп, жаан жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жергесинде +27...+32, Талас облусунда +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +29...+34, Ысык-Көл кылаасында +22...+27, Нарында +21...+26 градуска көтөрүлөт.
Күндүн табы борбор калаада +29...+31, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +22...+24 градуска жетет.