БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ноокендеги Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. коррупцияга шектелип кармалганын УКМК кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматында, Камчыбек Ташиев аймакта жүргөндө аны менен баарлашып, жер тармагындагы жемкорлукка тиешеси бар-жогун сураган. Жетекчи "коррупциялык иштерге тиешем жок, мыйзам бузуулар аныкталса жоопкерчиликти тартууга даярмын" деген.
"А.Б. 2019-2024-жылдары Достук айыл өкмөтүндө орун басар, андан кийин башчы болуп иштеп жүргөндө бир топ былык ишке аралашканы аныкталган. Мисалы, 3,8 миллион сомго бааланган 9620 чарчы метр жер тилкеси аффилирленген жакка 209 миң сомго сатылган. Аянты 325 чарчы метр жер 171 миң сомго берилген, ал эми базар баасы 438 миң сом болгон", — деп билдиришти комитеттен.
Ошондой эле жерге кезек күткөндөрдүн тизмесин бурмалап, башкаларга сатып, ал үчүн сый акысын алып тургандыгы боюнча дагы бир топ фактылар аныкталганы айтылат.
Шектүүгө "Коррупция" беренеси боюнча иш козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилилди.
Анын мыйзамсыз схемаларга тиешеси бар жогорку кызматтагы адамдар менен ымаласы аныкталып, аларга карата да иликтөө башталды.