Бишкекте эл чыгаан тарыхчы Владимир Плоских менен коштошту

Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкекте чыгаан тарыхчы, академик, илимдин доктору Владимир Плоских менен коштошуу зыйнаты болду.
Эске салсак, 31-июлда тарых илимдеринин доктору, профессор, академик Владимир Плоских узакка созулган оорудан улам 89 жашында дүйнө салган.

Акыркы сапарга узатуу учурунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов сүйлөдү. Алар окумуштуунун өмүр жолуна жана анын ат көтөргүс эмгегине токтолушту.
Элчи Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин тарыхын изилдөөгө да кошкон зор салымын белгиледи.
Коштошуу зыйнатында анын кесиптештери, эмгектерин окуп баалагандар, замандаштары болду.
1 / 4

Бишкекте чыгаан тарыхчы, академик, илимдин доктору Владимир Плоских менен коштошуу зыйнаты болду

2 / 4

Акыркы сапарга узатуу учурунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов сүйлөдү

3 / 4

Элчи Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин тарыхын изилдөөгө да кошкон зор салымын белгиледи

4 / 4

Коштошуу зыйнатында анын кесиптештери, эмгектерин окуп, баалагандар, замандаштары болду

Владимир Плоских илимий жолун мугалимдиктен баштап, КРдин Улуттук илимдер академиясынын вице-президентине чейинки жооптуу да, түйшүктүү да эмгек жолун басып өткөн. Ал археология, этнология, кыргыз-орус мамилелери, мамлекеттик түзүлүш маселелери, жазма булактар жана тарыхтагы инсандык роль сыяктуу багыттарда илимге зор салым кошкон. Анын жетекчилиги менен Ысык-Көлдө суу алдындагы уникалдуу археологиялык казуулар жүргүзүлүп, мурда белгисиз болгон ондогон тарыхый маалымат булактар илимий колдонууга киргизилген.
Плоских залкар педагог катары да белгилүү болгон. Көп жылдар бою Кыргыз-Россия Славян университетинде тарых жана маданият таануу кафедрасын жетектеп, диссертациялык кеңештин төрагасы болуп иштеп, үч докторду жана илимдин 12 кандидатын даярдаган.
Окумуштууга II-III даражадагы Манас ордени, Даңк медалы жана Ардак грамоталар ыйгарылган.
Көлдүн уникалдуу маалыматтарын тапкан. Академик Плоскихге арналган некролог