Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Россиянын куралдуу күчтөрүнүн жүрүшү төрт айдан бери күчөдү

Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Россиянын куралдуу күчтөрү согуштун бардык жерине жетип, төртүнчү ай катары менен арымын күчөтүүдө. Бул тууралуу РИА Новости The Telegraph басылмасына шилтеме берип жазды.
Анда россиялык аскерлер ыңгайлуу позицияларды ээлеп, украин аскерлерин курчоого алып жана ар тараптан ок атуу, чабуул коюу ыкмаларын колдонуп жатканы айтылган.
"Донецк облусунда кеминде төрт жаңы плацдарм түзүлүп, орустар Красноармейск менен Константиновканы курчоого аракеттенүүдө", — деп жазган The Telegraph.
Жума күнү Коргоо министрлиги өткөн аптада украин армиясы 8905 аскерин жоготконун билдирген. Ошол эле маалда Россиянын армиясы Донецк Элдик Республикасындагы Зеленый Гай, Бойковка, Бельгийка, Новоукраинка жана Часов Ярды, Днепропетровск облусунда Малиевка жана Запорожье облусундагы Темировка аймактарын бошоткону маалымдалган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык аскерлер Часов Яр шаарын бошотту