БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жекшембиде көпчүлүк райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, ал эми түнү кээ бир аймактарда жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +30...+35, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын аймагында +22...+27 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +30...+32, Ош шаарында +32...+34 градуска чейин көтөрүлөрүн айтышты.