Иш-чаранын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Фестивалга 37 өлкөдөн 130дан ашык музыкант, изилдөөчү, эксперт жана продюсерлер келген.
Иш-чара сынак, конгресс, маркетдеген үч бөлүмдөн турары маалым. Эл аралык сынакта 15 өлкөдөн келген 84 аткаруучу ат салышса, илимий конгрессте 100дөн ашуун илимпоз маданий мурастарды сактоо маселесин талкуулайт.
Фестиваль 1-августтан тарта 4-августка чейин уланат.
Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулуп, мындан ары эки жылда бир өтүп турмакчы. Байге фонду 3 миллион сом.
Тема боюнча: