Жаңы жобого ылайык, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайлардын бардыгы чет элдик студенттерди медициналык багытта бирдиктүү тарифте окутат. Бул тууралуу Айнура Асан кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 34 жогорку окуу жай медициналык багытта билим берет жана алардын катарына аймактагы университеттер да кошулууда.
"Билим берүү тармагы мамлекеттин негизги багыты катары көп реформалар жүрүп, талаптар коюлууда. Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы токтому менен эл аралык аттестациядан өткөн гана жогорку окуу жайлар чет элдик студенттерди кабыл алууга укуктуу. Мунун максаты — билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Азыр жаңы токтом кабыл алынды. Анын негизинде бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайлар билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүндө бирдиктүү тарифте иш алып барат", — деди Асан кызы.
Ал медициналык багытта билим берүүдө лаборатория, клиникалык база да керектигин белгиледи.
"Чет элдик студенттердин окуу төлөмүн жөнгө салуу боюнча 2022-жылдагы токтомдо контрактынын жылдык эң аз деген баасы 280 миң сом (3000 доллар) болушу керектиги көрсөтүлгөн. Бирок анда бул жобону мамлекеттик окуу жайлар сөзсүз түрдө аткарышы керектиги жазылган. Азыр жобонун алкагында жалпы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес да окуу жайлардын окуу акысы бирдиктүү тарифке бекитилди. Учурда Кыргызстандын 34 жогорку окуу жайында медициналык багытта билим берилет. Анын 12си мамлекеттик, ал эми 22си мамлекеттик эмес университеттер болуп эсептелинет. Азыр аймактагы университеттер да чет элдик студенттерди медициналык багытта билим берүүчү факультеттерди ачууда", — деди Асан кызы.
Ал буга чейин жогорку окуу жайлардагы чет элдик студенттердин контрагына анализ жүргүзүлгөнүн кошумчалады.