БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстандын тоолуу райондорунда 4-августка чейин сел кооптуулугу сакталат. Бул туурасында ӨКМ билдирди.
"1-августтан 4-августка чейин аба ырайы улам өзгөрүп турганына, жер-жерлерде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп билдиришти.
Министрлик бейгам болбой коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды. Андан сырткары, арыктарды тазалап, жээктерин бекемдөөгө чакырып, анын ичине таштанды ыргытпоону эскертти.
Селдин жана жамгырдын суулары агып кетиши үчүн үйдүн, короо-жайдын жанына арык казып коюу зарылдыгын айтышты.