Түндө Ысык-Көлдүн Тамчы жана Кош-Көл айылдарын суу каптады

Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Түндө Ысык-Көлдүн Тамчы жана Кош-Көл айылдарын суу каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Көлдүн түндүгүндө жүргөн сел Тамчы айылынын ички жолдорундагы эки көпүрөнү алып кетип, эки үйдүн короосун каптаган. Мындан тышкары, Кош-Көл айылында көл жээгине тигилген 30 боз үй, беш конок үй жана соода күркөлөрүн сел каптаган.
1 / 2

Көлдүн түндүгүндө жүргөн сел Тамчы айылынын ички жолдорундагы эки көпүрөнү алып кетип, эки үйдүн короосун каптаган

2 / 2

Мындан тышкары, Кош-Көл айылында көл жээгине тигилген 30 боз үй, беш конок үй жана соода күркөлөрүн сел каптаган

Азыр тазалоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, таңга маал Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу жабылган.
Кытайда нөшөрдөн улам сел жүрүп, 30 киши каза болду