Канада Палестинаны өз алдынча мамлекет катары тааный турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Канаданын премьер-министри Марк Карни анын өлкөсү Палестинаны өз алдынча мамлекет катары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында таанууга ниет кылып жаткандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Карнинин айтымында, бул кадам Палестина администрациясынын зарыл реформаларга умтулганына негизделди.
Белгилеп айтканда, президент Махмуд Аббас негизги башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүү, 2026-жылы жалпы элдик шайлоо өткөрүү (бул шайлоого ХАМАС катыша албайт), Палестинаны куралсыздандыруу милдеттенмелерин алган. Канада аталган демилгесинде ушул нерселерди негиз катары алып жатат.
Канада ХАМАСты барымтадагылардын бардыгын бошотууга чакырып, бул кыймыл Палестинаны башкарууга катышпашы керектигин айтууда.
Оттава аны менен катар эле Израилдин Газа тилкесиндеги гуманитардык каатчылыкты тереңдеткенин сындады.
Эске салсак, буга чейин Франция лидери Эммануэль Макрон да Палестинанын БУУнун Башкы Ассамблеясынын сентябрда болуучу жыйынында расмий тааный тургандыгын айткан эле.
Улуу Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер да "Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуу "жолун" салуу боюнча союздаштары менен иштеп жаткандыгын, анын бири Палестина мамлекетин таануу" экендигин айткан болчу.
Түркиянын тышкы иштер министри: Израиль Газаны бошотууну көздөөдө