БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Британиянын Палестина мамлекетин таануу боюнча билдирүүсү Батыш үчүн эл аралык укук менен адам укуктары канчалык деңгээлде маанилүү эместигин көрсөтүп турат. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Sputnik радиосунун эфиринде билдирди.
Шейшемби күнү Британиянын премьер-министри Кир Стармердин кеңсеси эгер Израиль Газа секторунда ок атууну токтотууга макул болбосо, Лондон Палестинанын мамлекеттүүлүгүн сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын алдында тааный турганын билдирген.
"Бул нерсе Батыштагылардын адам укугу менен тагдырын, гуманитардык укукту жана эл аралык укукту "уруп ойнобой" турганын көрсөтүп турат. Изарилдин Палестинага салган кыргынын "мамлекет катары таанып салабыз" деп коркутуу менен токтотууга аракет жасап жатышат. Биз болсо Палестинаны эбак өлкө катары тааныганбыз, элчилигибиз иштеп, мамилелер өнүгүп жатат", — деди Захарова.
Ал Россиянын Батыштыкындай кадамга барганын элестетүү мүмкүн эмес экенин белгиледи.
"Өзгөчө нота экен... Мамлекет катары таанып салабыз деп коркутуп жатышат. Ал жерде жашаган эл кайда калды? Эмнени тааныганы жатышат? Палестина картадагы аталыш гана эмес да", — деди дипломат.
Палестина мамлекетин 147 өлкө тааныган, АКШ алардын катарына кирбейт. 2024-жылы АКШ Палестинанын БУУга толук кандуу мүчө болушуна вето койгон. 2024-жылдан бери Палестинаны 10 мамлекет тааныган. Алардын ичинде Ирландия, Норвегия, Испания жана Армения бар.
РФтин позициясына ылайык, жөнгө салуу БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан бекитилген формуланын негизинде гана мүмкүн. Анда 1967-жылдагы чек араларда борбору Чыгыш Иерусалим болгон Палестина мамлекети түзүлүшү керек.