Россиядагы мигранттардын жиберген акчасы көбөйүп, беш айда 1 млрд. 282 млн. доллар түштү

Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Россиядагы мигранттар соңку беш айда 1 миллиард 282 миллион доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылган.
Көрсөткүч 2025-жылдын январь-май айларына карата алынган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 200 миллион долларга көп.
Өткөн жылдын алгачкы беш айында бул көрсөткүч 1 миллиард 93 миллион доллар болгон.
Россиядагы мигранттардын которгон акчасынын көлөмү рекорддук чекке жетти