БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселевдун Sputnik Азербайжан редакциясынын төрт айга камалган жетекчиси Игорь Картавых менен шеф-редактору Евгений Белоусов боюнча билдирүүсү.
Билдирүүнү тексти:
Бир айдан бери кесиптештерибиз, Россия жарандары Игорь Картавых менен Евгений Белоусов, Азербайжанда темир тордо күнөөсүз отурат.
Агенттиктиктердин бардыгынын редакциялык саясаты, анын ичинде Sputnik бөлүмдөрү биздин катышуубуз менен достукту, союздук байланыштарды дайыма бекемдөөгө багытталганын баса белгилеп кетмекчимин.
Журналисттерге коюлган конкреттүү, объективдүү күнөө жоктугун билип туруп бул чечимди атайылап кабыл алгандар мындай кадам Россия менен Азербайжандын мамлекеттер аралык алакасынын курчушуна алып келерин эң сонун түшүнгөн.
Азыр Игорь Картавых менен Евгений Белоусовду эркиндикке чыгарып, аны менен биздин өлкөлөрдүн өз ара мамилелеринин калыбына келишине кадам таштоого болмок. Мындай нерсе эки тарапка тең керектигине кошулам. Ошол эле учурда бул нерсе эки тараптан тең болушун да колдойм.