БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.
Алар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу боюнча пикир алмашкан.
"Жолугушууда кыргызстандык бейтаптардын Түркияда акысыз дарылануусу боюнча 2014-жылы түзүлгөн келишимди жандантуу маселеси каралды. Кыргыз тарап Түркия менен биргеликте арыздарды кабыл алуу механизмин уюштурууга даярдыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, трансплантология жаатындагы кызматташтыкты улантуу маселесине өзгөчө көңүл бурулган.
"2024-жылдын ноябрь айында кол коюлган трансплантация жаатындагы кызматташуу протоколун ишке ашыруу маанилүү экени белгиленди. Протокол Кыргыз-түрк достук ооруканасынын базасында операцияларды жүргүзүүнү карайт. Ошондой эле Ош облусуна түркиялык адистерди тартуу практикасын улантуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Анткени ал жерде трансплантологиялык жардамга муктаждар көп", — деди министрлик.
Чечейбаев ОшМУнун алдындагы Трансплантация борборун уюштурууга көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирген. Анда бүгүнкү күндө Түркияда билим алган 16 адис эмгектенет.
Ал эми элчи Мекин Мустафа Кемаль Окем кыргыз тарап берген сунуштардын бардыгы Анкарадагы ведомстволорго жеткирилип, тыкыр изилденерин убадалаган.