Терезелери талкалангандан кийин Балыкчыга каттаган поезддерге камера орнотулду

Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкек — Балыкчы — Бишкек каттамы менен жүргөн поезддердин коопсуздугун күчөтүү максатында камералар орнотулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, бул камералар "Коопсуз шаар" системасына кошулган. Мындан улам эреже бузгандарды кыска убакыт аралыгында табууга болот.
Эске салсак, 25-июлда түндө бейбаштар Токмокто турган бир нече, анын ичинде VIP-вагондорду да таш бараңга алышкан. Терезелер соккуга туруктуу материалдан болгондуктан сынган эмес, бирок жарака кеткен. Кийин күнөөлүүлөр табылган.
Акча катып, элди издеткен блогер кайрадан кармалды