БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Тегеранга эгерде АКШ менен Израиль тараптан агрессиялык жаңы кадамдар жасалса, ага берилген жооптун кесепети бир топ катуу, байкаларлык болот. Бул туурасында Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи айканын РИА Новости жазды.
"Акыркы америкалык-израилдик чабуул маалында эмне болгону Ирандын эсинде. Анын кесепети биз үчүн да, душмандар үчүн да оңбогондой болду. Канча сокку урулганы жана башка маалыматтар азыркыга чейин ачык айтылган жок. Эгер мындай агрессия дагы кайталанса, биз мурдагыдан да чечкиндүүрөөк жооп кайтарабыз. Анын кесепетин жашыруу мүмкүн болбой калат", — деген жазган Аракчи Х социалдык тармагындагы баракчасына.