Радио

Энергетикалык бирдиктүү рынок ЕАЭБ өлкөлөрүнө чоң пайда берет

Техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов ЕАЭБдин жалпы электроэнергетикалык рыногунун алкагында эки тараптуу эркин келишимдер түзүлүшү керектигин айтты.
Sputnik
Энергетикалык бирдиктүү рынок ЕАЭБ өлкөлөрүнө чоң пайда берип, энергетикалык коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Карыпбек Алымкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда Евразия мейкиндигинде бирдиктүү энергетикалык рынок жок.
"Совет мезгилинде СССРдин бирдиктүү энергетикалык системасы иштеп турган. Эми турмуш ошого кайрадан алып келүүдө. Мисалы, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандын электр энергиясынын линиялары Россия менен байланышкан. Азыркы учурда Евразия мейкиндигинде бирдиктүү энергетикалык рынок жок. Бирок ошол эле учурда энергетикалык ресурстардын жалпы рыногу тийиштүү концепциялардын, программалардын жана эл аралык келишимдердин негизинде бара-бара түзүлүп жатат. Мындай кадамдар аймактагы энергетикалык коопсуздукту камсыздап, бир топ жетишкендиктер болмок", — деди Алымкулов.
Ошондой эле ал Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу Борбор Азиядагы абалды жакшыртып, суу маселесин да чечүүгө жол ачарын кошумчалады.